• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Аны кандай тосуп алышты?

26 Бугу 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат.

Количество просмотров: 82