• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Касымалиева министрге: Силердин жумушуңарды чабан аткарып койду

8 Чын куран 202116:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, каза болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат берип жатат.

Анда Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева Ички иштер министрлигинин ишин сынга алып, «сарсанаа болбогула, той жейсиңер» деп айткан тергөөчүнүн аты-жөнүн сурады.

«Шалаакылык көрүнүп эле турат. Апасына «ачуу басар келет, той жейсиңер» деп кайсы тергөөчү айткан. Сиздер бир ай убакыт тактайсыңарбы? Кызматкердин толук аты-жөнүн атагыла да. ЖМКларда фамилиясы айтылып жатат. Силердин жумушуңарды чабан аткарып койду»,-деди Касымалиева.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 4973