Дубайда катуу жааган жамгырдан улам Шарджа жана Дубайга каттамдар токтотулду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал эми Абу-Дабиге учак кармалып жатат.
«БАЭдеги туруксуз аба ырайынан улам эки ири шаарга – Шарджа жана Дубайга каттамдар токтотулду. Абу-Дабиге учак кармалууда. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды», — деп жазылат маалыматта.
Мунун алдында Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир катар шаарлардын жолдорун, айрым аба майдандарды суу каптаганы тартылган тасмалар жарыяланган.