• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны март айында бошотулат

14 Бирдин айы 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулу мар айынын башында Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.
Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

Азарбеков билдиргендей, Сыймык Өмүрбек уулу чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.

«Учурда ал тергөө абагында кармалууда. Анын колунда мергенчилик ок атуучу курал болгон. Ага айыппул салына турганы белгилүү болду. Март айынын башында бошотулушу күтүлүүдө»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева буга чейин презединт Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда ал 1999-жылкы студент уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, аны кайтарып келүүгө көмөк сураган. Окуя 10-январда болгон.
Сыймык Өмүрбек уулунун кармалышы боюнча маселе 12-январда Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, тиешелүү мекеме-органдарга протоколдук тапшырма берилген.

Количество просмотров: 119