• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казак өкмөтү каалоочуларга Pfizer вакцинасын акылуу түрдө саюуну пландоодо

17 Жетинин айы 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

Казакстанда каалоочулар коронавируска каршы Pfizer вакцинасы менен акча төлөп эмделсе болот. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн 16-ноябрдагы жыйынында билдирди.

«Коронавирустун жайылуусуна жол бербөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын тапшырасына ылайык, COVID-19га каршы Pfizer вакцинасын каалоочуларга акылуу түрдө саюу боюнча өкмөттүн токтом долбоору иштелип чыкты», — деди министр.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин бул сунушту колдой турганын билдирди.

Бирок жыйындын жүрүшүндө акылуу вакцинанын баасы канча болору так айтылган жок.

Буга чейин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасынын бир дозасынын баасы Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын баасы (26 доллар) менен барабар болорун билдирген.

Казакстанда өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизган балдарды Pfizer вакцинасы менен эмдөө иштери 12-ноябрда башталган. Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Нур-Султан, Алматы, Чымкент, Кокшетау шаарларында, ошондой эле Жамбыл, Караганда жана Кызыордо облустарында бул вакцинанын биринчи дозасы 1560 кишиге сайылды. Алардын 1313ү өспүрүмдөр, 247си кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдар.

Казакстандын бийлиги буга чейин кийинки жылдан тартып чет өлкөлөрдө өндүрүлгөн вакциналар акылуу болуп каларын билдирген. Акысыз Казакстанда өндүрүлүп жаткан QazVac жана «Спутник V» вакциналарын гана алууга болот.

Количество просмотров: 72