Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы маданият кызматкерлеринин аз маянасы тууралуу пикирин билдирип жатып, ачка адам чыгармачылык жактан ийгиликтүү болорун билдирди деп жазып чыкты NUR.KZ сайты.
Мажилистеги өкмөттүк саатта депутат Куаныш Султанов “Маданият кызматкерлеринин маянасы боюнча реформа жүргүзүү зарылбы”-деген суроо берген.
“Чындыгында айлык-маяна аз деңгээлде. Ачка адам чыгармачылык жактан ийгиликтүү деп саналат. Бетховен, Моцарт да жакырчылыкта жашаган, бирок кандай шедеврлерди жараткан” деп жооп берген Арыстанбек Мухамедиулы
Эске салсак, Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу сүйлөп жатып, Москвада даараткана жууп жүргөн кыргыз кыз-келиндерин көрүп боору оорурун айткан. Кыргызстан тышкы иштер министрлигин нааразычылык нотасы жана коомчулуктун сын-пикиринен соң министр кыргыз элинен кечирим сураган.