• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстан чет элдиктерге өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартты

18 Үчтүн айы 2023 8:51 Бишкек Govori.TV

Казакстан чет элдиктерге өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырды. Өкмөттүн жаңы токтому менен визасыз жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.

Эми иммигранттар Казакстан аймагында чек арадан өткөндөн баштап визасыз 30 күнгө чейин гана жүрө алышат. Буга чейин мөөнөт 90 күн болгон.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде орусиялыктар Казакстан аймагында 180 календардык күндүн алкагында 90 күн гана жүрө алышат.

Натыйжада өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай чек арадан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилбейт. Жаңы эреже 26-январдан баштап күчүнө кирет.

Орусияда былтыр күздө мобилизация жарыялангандан бери аскер жашындагы жарандардын көбү Казакстанга өткөн. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү квраталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткен.

Количество просмотров: 72