Казакстан өкмөтү чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга тыюу салганын өлкөнүн каржы министринин орун басары Берик Шолпанкулов тастыктады.
Анын айтымында, бардык тараптар милдеттенмелерин аткаруу үчүн, маселен жабдуу сатып алган же чет өлкөлүк валютада карыздарын жапкан учурда гана чет өлкөлүк валюта сатып ала алышат. Долларды жөн гана сактоо максатында сатып алууга тыюу салынды.
Жергиликтүү басылмалар Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында чет өлкөлүк валютаны сатуу токтогонун жазышууда. Алматы жана Нур-Султанда 1 доллар 385-394 теңгени, Чымкентте 390-393 теңгени түзүүдө. Бир ай мурун 1 доллар 376 теңгеге барабар болгон.
Коронавирустан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары азайып, мунай өндүрүмүнө суроо-талап азаюуда. Натыйжада кара майдын наркы түшүп жатат.
Мунун алдын алуу максатында өндүрүш көлөмүн чектөөнү макулдашуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөр (ОПЕК жана ага кирбегендер) өткөн аптанын аягында Венага чогулган. Бирок «чектөөгө негиз жок» деп Орусия кошулган эмес. Орусиянын чечимине жооп иретинде Сауд Арабиясы өзү өндүргөн мунайды 6-8 долларга чейин арзандатып, өндүрүштү тескерисинче көбөйтүүнү чечкен.
Мунайдын баасы төмөндөп, теңге кунун жоготкондугуна байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 9-мартта өкмөт мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрүп, дүйнөдөгү экономикалык жагдайдын өлкөгө тийгизген таасирин талкуулаган.
Токаев бюджеттик чыгашаларды кыскартып, жер-жерлерде калкты иш менен камсыздап, валюта базарын турукташтыруу зарыл экенин билдирген. Мындан тышкары өкмөткө антикризистик план иштеп чыгуу үчүн ыкчам штаб түзүүнү тапшырган.