• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстан өнүгүү банкы Назарбаевдин жакындарынын компанияларына насыя берүүдөн баш тартты

27 Бугу 2022 12:59 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Казакстан өнүгүү банкы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаевге тиешелүү холдингдин  мейманкана комплекси менен SPA-борборунун курулушу үчүн насыя берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

2021-жылдан бери банктан насыя ала тургандардын тизмесинде Medeu Park Hotel компаниясы да болгон. Ушул аптада банк бул долбоорду тизмеден алып таштады. Каржы мекемеси мунун себебин “индикативдик анализге тиешелүү каражаттардын тапшырылбаганы” менен түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Боранбаев конок үй комплексинин каражатынын үчтөн экисин Medeu Park Hotel компаниясы аркылуу Казакстан өнгүгүү банкынан алууну көздөгөн.

Былтыр Алматыда өткөн инвестициялык форумда Medeu Park Hotel компаниясынын каржы директору Арман Рамазанов Казакстан өнүгүү банкынан 10 миллиард теңге алууну пландап жатканын айткан.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Ал өлкөдөгү таасирдүү 5 бизнесмендин катарында болгон.

Ал 17-мартта кармалган, ишкер “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталууда.

Количество просмотров: 110