• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстан орус жана беларус жүк ташуучуларына талаптарды жеңилдетти

1 Кулжа 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Казакстан 2023-жылдын январына чейин орус жана беларус жүк ташуучулары үчүн талаптарды жеңилдетти. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден белгилешкендей, эл аралык жүк ташуу тармагындагы дүйнөлүк практикага ылайык, мамлекеттер улуттук жүк ташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ички мыйзамдар менен үчүнчү өлкөлөрдөн келген жана үчүнчү өлкөлөргө бараткан жүк ташуучуларга чектөөлөрдү киргизе алышат.

Казакстанда мындай талаптар 2017-жылы киргизилген. Бул талапты бузгандарга 200-500 бир айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1-апрелден тарта 1 эсептик көрсөткүч 3180 теңгени же 8 долларды түзөт) административдик айып пул каралган.

Ошол эле маалда бул талап чет өлкөлүк жүк ташуучулар менен катар казакстандык жүк ташуучуларга да тиешелүү. Мындай талаптар Орусияда 2015-жылы киргизилген. Аны бузгандарга 150 миң рубль (2,5 миң доллар) өлчөмүндө айып пул каралган.

Министрликтин маалыматына караганда, 30-майда Казакстан менен Орусиянын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда «кайра жүктөөгө» тыюу салуу маселеси каралып, казак тарап кийинки жылдын башына чейин бул талап Беларус жана Орусия жүк ташуучуларына тиешелүү болбойт деген чечим кабыл алды.

Ошол эле маалда мекемеден Казакстандын мыйзамдары үчүнчү өлкөлөрдөн келип жаткан эл аралык жүк ташуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн чектебей тургандыгын белгилешти.

Казак бийлигинин бул чечими Орусияга карата санкциялык басым күчөп турган маалда кабыл алынды. Батыш өлкөлөрү Москвага каршы киргизген санкциялар Казакстан экономикасынын айрым тармактарына да жарым-жартылай таасирин тийгизүүдө.

Ал ортодо кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуу унааларынын саны азайган жок. Мындай көрүнүш өткөн жумада эки өлкө президенттери Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды азайтуу боюнча макулдашканына карабастан уланууда.

Количество просмотров: 145