• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө поезд жүк ташуучу унааны сүзүп кетти

15 Баш оона 202514:25 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылынын аймагында 15-августта саат 13:30 чамасында поезд менен чиркегичи бар жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, деп «АКИpress» редакциясына активист Жаныбек Егенбердиев билдирди.

Курулуш шагылын ташып бараткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу келе жаткан поезддин алдынан темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган.

Унаанын кабинасы өтүп кетүүгө үлгүргөн, бирок сокку чиркегичке тийген.

Окуянын күбөсү жабыркагандар жок экенин белгилейт.

Количество просмотров: 178