• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстан орусиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту

29 Чын куран 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Караганды фармацевтикалык заводу коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту. Бул тууралуу 28-апрелде Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди.

Анын билдиришинче, Казакстанда COVID-19га каршы камдыкта төрт миллион дозадан көбүрөөк вакцина бар, бул «вакцинация жана ревакцинация үчүн» жетиштүү. Буга байланыштуу кошумча өндүрүү жана сатып алуу иштери азырынча токтотулат.

Казакстанда калкты «Спутник V» вакцинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталган.

«Спутник V» вакцинасын Дарига Назарбаеванын кудасы Кайрат Боронбаев тең кожоюндук кылган Караганды фармацевтикалык заводунун базасында өндүрө башташкан.

17-мартта Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камалган.

Количество просмотров: 68