• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда 3000 ыктыярчыга жергиликтүү вакцина сыналары жарыяланды

21 Бештин айы 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Казакстан QazCovid-in деп аталган коронавируска каршы жергиликтүү вакцинаны үч миң ыктыярчыга сыноону баштады. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-иликтөө институту (ГЗИ) QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сыноосунун 1-2 фазасын жүргүзгөн, вакцинанын эффективдүүлүгү 96% деп белгиленген.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин QazCovid-in вакинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы мартта башталарын билдирген.

Буга чейин Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Ошол эле маалда казак бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путин менен түзүлгөн келишимге ылайык, ушул жылдын 22-декабрында Казакстанда Орусиянын «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшү башталарын да маалымдаган.

Количество просмотров: 62