• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстандагы митингде 8 полиция кызматкери каза болду

6 Үчтүн айы 2022 1:24 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышууда.

Мурдараак казак президенти Касым-Жомарт Токаев да акциялар учурунда күч кызматтарынын арасында жоготуулар болгонун маалымдаган. Соңку маалыматтарда дагы 300дөй кызматкер жаракат алганы айтылды.

Ушуга улай эле бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар чыккан. Бирок жарандар арасындагы курмандыктар расмий тактала элек.

Количество просмотров: 337