Казакстанда автобус кырсыкка учурап, жети адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн эртең менен Кызылордо — Кумкөл автожолунда болгон. 35 жүргүнчү бара жаткан автобуста алты киши кырсык болгон жерден көз жумуп, бирөө ооруканага бара жаткан жолдо жан берген. Мындан сырткары, 14 адам түрдүү жаракат алган.
«Айдоочу тайгак жолдо автону башкара албай калып, жүргүнчүлөр бара жаткан унаа ала салып кеткен. Жеринде куткаруу кызматы иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.