• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда автогаз кымбаттайт

20 Чын куран 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Казакстанда суюлтулган газ үч ай ичинде 5-10 теңгеге кымбаттайт. Бул тууралуу 19-апрелде өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдирди.

– Ушул тапта баа аймактарда ар түрдүү. Башында өтө кымбаттап кетет деп ойлобойм – 5-10 теңеге көтөрүлөт. Бирок кийин өзүнүн кунун актай турган баа коюлат. Азыр суюлтулган газдын өздүк наркы 70 теңге болгону менен 50 теңгеден сатылып жатат, – дедд Саткалиев.

3-апрелде Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелдикин 20% көтөрүү чечимин кабыл алган. Анда бул чечим күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы катары түшүндүрүлгөн. Мекеме тартыштыктын негизги фактору катары транзиттик автотранспортту жана коңшу өлкөлөргө көмүскө экспорт көбөйгөнүн атаган.

Ага улай министрлик «газ баасынын төмөн болушу аны ыксыз пайдаланууга алып келерин» билдирип, Алматы баштаган бир нече аймакта автогаз кымбаттай турганын жарыялаган.

Ошол эле күнү өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов бул «аргасыз кабыл алынган чечим» экенин айткан. «Эгер азыр мындай кадамга барбасак, анда жакынкы убакта күйүүчү май тартыштыгына кабылабыз», – деген ал.

Казакстандын Улуттук банкы күйүүчү майдын кымбаттоосу инфляцияны күчөтөрүн моюнга алып, бирок өкмөттүн чечимин колдогон.

Количество просмотров: 59