8-июлда өкмөттүн жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июль коронавирустан каза болгон казакстандыктарга жалпы аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Президенттин кеңешчиси Эрлан Кариндин айтымында, Нур-Султандын убактысы боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча бир мүнөттүк аза күтүү болот.
«Мамлекеттик символдор жөнүндө» Казакстан Республикасынын мыйзамына ылайык, 13-июлда түнкү саат он экиде жалпы мамлекеттик органдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында желектер түшүрүлүшү керек.