Актөбө облусунун Мартук райондук соту 16-ноябрда каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашеванын баш коргоо чарасын карап, 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Ал өткөн дем алыш күндөрү казак-орус чек арасында кармалган.
Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Тлеубике Юлдашева Орусияга чыгып кетер алдында Актөбө облусундагы “Жайсан” көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган. Азырынча активистке кандай айып тагылганы белгисиз: адвокаты азырынча соттун токтомун ала элек. Бирок укук коргоочулар ал Өзбекстан бийлигинин суроосу менен кармалган болушу ыктымал экенин айтышууда.
Маалыматка караганда, Тлеубике Юлдашева 2020-жылдын башынан бери Казакстанда туруктуу жашап келген. Ал мекенинде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтып, саясий башкалка берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган.
Ачык маалыматтарга ылайык, жарандык активист Тлеубике Юлдашева өзбек бийлигинин көңүлүн 2013-2014-жылдары бура баштаган. Ал атайын кызматтардын кысымына карабастан, Каракалпакстандын эгемендүүлүгү үчүн аракеттерди активдүү колдоп, өзбек бийлиги тарабынан куугунтукталган каракалпакстандык активисттердин укуктарын коргоо менен алектенген.
Сентябрь жана октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашап жүргөн төрт каракалпакстандык активист – Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.