• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда «Казатомпром» компаниясынын филиалынын жүздөгөн жумушчусу иш таштады

25 Бирдин айы 2022 15:45 Бишкек Govori.TV

24-февралда Казакстандын Түркстан облусундагы Сузак районунда «Казатомпромдун» туундуу компаниясы эсептелген «Волковгеология» ишканасынын «Оңтүстік ВГ» ГРЭ-7 деп аталган филиалынын жүздөгөн жумушчусу иш таштады. Алар айлыктарды 100% жогорулатууну талап кылууда.

Жумушчулар талаптары жазылган жамааттык кайрылууну ишкананын жетекчилигине беришкенин билдиришти. Эгер талаптар аткарылбаса алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрыла тургандыктарын айтышты.

«Мен ишканада 20 жылдан ашык убакыттан бери иштейм, айлыгым 140 миң теңге (300 доллар). Жалпы жумушчулардын айлыгы 65-140 миң теңгени түзөт. Бул акчага жашоо өтө оор. Планды 100% аткарсаң сыйакы берилет, бирок аны толук аткаруу мүмкүн эмес», — деди өзүн Нурлан Беков деп тааныштырган жумушчу.

Иш таштагандардын айтымында, «Оңтүстік ВГ» ГРЭ-7 ишканасынын филиалында вахталык ыкма менен миңден ашык киши иштейт. Учурда алардын 500ү эс алууда болсо, дагы 500ү жумушка чыгуудан баш тартышкан.

«Азаттыктын» казак кызматы жумушчулардын иш таштоосу боюнча аталган филиал менен байланышып, бирок жетекчилигинен комментарий ала алган эмес.

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, совет мезгилинде түзүлгөн «Волковгеология» ишканасын «Казатомпромдун» курамына 1997-жылы киргизилген жана бүгүнкү күндө анын төрт филиалы бар. Компания уран кендерин издөө, чалгындоо, аларды эксплуатацияга берүү жана технологиялык бургулоо менен алектенет. Анын ишканаларында жалпысынан 4 миңден ашык киши иштейт.

Количество просмотров: 274