• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда коммуналдык кызматтардын тарифи жогорулайт

1 Бирдин айы 2023 11:41 Бишкек Govori.TV

Жаздан тарта Казакстанда коммуналдык кызматтардын тарифи 10дон 25 пайызга чейин көтөрүлө турганы күтүлүүдө. Бул тууралуу 31-январда журналисттерге улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди.

Коммуналдык кызматтардын баасы эң көп Риддер жана Экибастуз шаарларында жогорулайт. Былтыр жылдын аягында бул калааларда авариялар катталып, тургундар жылуулуксуз калган.

Министрдин айтымында, тарифтердин жогорулашы аймакты тейлеген уюмдардан, түйүндөрдүн абалынан көз каранды. Маселен, Экибастуз жылуулук электр борбору тарифти 107 пайызга көтөрүүнү сураган, бирок министрлик мындайга жол бере албай турганын белгилеген.

«Эң жогорку тариф Экибастузда болот, аткени ал жакта система эскирген. Алар тарифти эки эсеге жогорулатууну сурашууда. Бирок биз ага макул болбой жатабыз. Муну менен кошо Риддерде да тариф жогору болот чыгар. Жылуулукка карата тариф же 1-марттан, же 1-апрелден баштап көтөрүлүшү мүмкүн», — деди Алибек Куантыров.

Өткөн аптада Чыгыш Казакстан облусундагы Риддер шаарынын жылуулук борбору инвесторго өткөрүлүп берилгени кабарланган. Бирок менчик ээси ким болгону айтылган эмес.

Количество просмотров: 47