Регионалдык экологиялык саммит-2026 Астана шаарында өз ишин баштады. Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитке катышуу үчүн Астанага бир күн мурда келген.
Саммит Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнүн жалпы көз карашын калыптандырууга багытталган. Иш-чара өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, аймактык бирикмелердин, каржы институттарынын, өнүгүү институттарынын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун ортосунда диалог жана координация үчүн эл аралык аянтча түзөт.
РЭС 2026нын негизги максаты — климаттык жана экологиялык чакырыктарга жооп берүүдө биргелешкен, практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн ачык платформаны түзүү. Саммит Борбор Азиянын мисалында аймактар аралык кызматташтык глобалдык аракеттерди кантип күчөтөрүн көрсөтүүнү көздөйт.
Саммитти өткөрүү демилгеси Касым-Жомарт Токаев тарабынан 2025-жылы Аваза шаарында өткөн III Конференция ООН по развивающимся странам, не имеющим выхода к морю алкагында көтөрүлгөн.
«Деңизге чыга албаган көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр суу тартыштыгы, мөңгүлөрдүн эриши, чөлдөшүү жана башка экстремалдуу аба ырайы көрүнүштөрү менен бетме-бет келип жатат. Бул көйгөйлөрдү чечүү координацияланган аймактык аракеттерди жана активдүү эл аралык колдоону талап кылат», — деген Касым-Жомарт Токаев.
Күтүлгөндөй, Регионалдык экологиялык саммит Борбор Азиядагы чек ара аралык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү аянтча болуп берери белгиленүүдө.