• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстанда кытайлык казактар саясий партия түзөрүн жарыялашты

13 Бугу 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

12-майда Шинжаңда куугунтукталган казактардын укугун коргоо менен алектенген «Нагыз Атажурт» уюмунун өкүлдөрү саясий партия түзө турганын жарыялашты. Алардын Алматыда өткөргөн маалымат жыйынына 60тай киши катышты.

«Биздин максат – элибиздин салт-санаасына, мурдагы жана азыркы тарыхына, тил өзгөчөлүгүнө, улуттук аң-сезимге негизделген жаңы, демократиялык саясий система түзүүгө активдүү катышуу», — деди «Нагыз Атажурт» уюмунун жетекчиси Бекзат Максутханулы.

Ал Шинжаңдагы туугандарын кайтарып келе албай жаткан жарандардын маселесин али күнгө чейин чечпеген казак бийлигин сындады.

Буга чейин расмий каттоого алынууда тоскоолдуктарга учураганын маалымдаган уюм өкүлдөрү партия түзүү оңой эместигин белгилешти. Бекзат Максутханулы билдиргендей, азырынча партияны каттоодон өткөрүү үчүн документтер даяр эмес:

– Алгач кол топтойбуз. Бизди эч ким каржылабайт. Элдин көмөгүнө үмүт артабыз.

«Нагыз Атажурт” 2019-жылдын август айына чейин «Ата журт ыктыярчылары” деп аталган. Уюм Шинжаңдагы этникалык азчылыктардын көйгөйлөрүн көтөрүп келет.

Уюмдун лидери Серикжан Билаш 2019-жылы ”кастыкты козуткан” деген айып менен камалып, беш ай үй камаганда отурган. Сот аны 280 доллар айыпка жыгып, жети жыл бою коомдук уюмдарды жетектөөгө тыюу салган. Ал 2020-жылы бираз Түркияда жашап, андан соң АКШга чыгып кеткен.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары сыпаттайт.

Количество просмотров: 75