• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда паракорчулукка шектелген генерал-майордун сөөгү абакта асылган абалда табылды

8 Баш оона 202211:19 Бишкек Govori.TV

Казакстанда пара алууга шектелген генрал-майор Жайлообек Халыкулынын сөөгү 6-августта Алматынын тергөө изоляторунда асылган абалда табылды. Бур тууралуу Казакстадын Жаза аткаруу комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, окуя болгон жерге прокуратура, ыкчам-тергөө тобу, облустук жаза-аткаруу департаментинин өкүлдөрү келген. Тергөө изоляторунда отурган кишилер суралган. Териштирүү иштери башталды.

Халыкулы быйыл май айында кармалган. Ал кылмыш ишин токтотуу үчүн пара алууга айыпталган.

59 жаштагы генерал-майор мурда Алматы жана Акмоло облустарынын полиция департаменттерин башкарган.

Количество просмотров: 301