• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 адам соттолду

12 Бештин айы 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында Сириядагы согушка катышкан деп айыпталган 14 казакстандык 8 жылдан 14 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылды.

29-ноябрдагы отурумда прокурор аларды 10 жылдан 17 жылга чейин соттоону өтүнгөн.

Соттолгон жарандар 25 жаштан 50 жашка чейинки куракта. Алар быйыл жыл башында башка жүздөгөн казакстандыктар менен бирге атайын операциянын алкагында Сириядан алынып келинген.

Ноябрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Сирия менен Ирактан 824 адам, анын ичинде 547 бала кайтарылганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, Жакынкы Чыгышта кичинекей балдарды эсептебегенде Казакстандын 100гө жакын жараны бар.

Количество просмотров: 38