• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда сыртка тирүү мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салынды

21 Үчтүн айы 2020 9:04 Бишкек Govori.TV


Казакстандын Айыл чарба министрлиги сыртка тирүү мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салганын билдирди. Өткөн жылы коңшу Өзбекстанга жүз миңдеген мал сатылганы кабарланган.

«Тирүү мал-жандыктарды жапырт түрдө экспорттоо эт баасынын жогорулашына алып келди. Мындан тышкары Казакстандагы эт азыктарын өндүрүү ишканаларына терс таасирин тийгизди. 2019-жылы бул ишканалардын көбү жарым кубаттуулукта иштешти. Буга чийки заттын тартыштыгы себеп болду», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салуу — эт азыктарынын өндүрүшүн жогорулатуу жана аны экспорттоо көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Расмий маалыматтарга караганда, 2019-жылы Казакстандан 156 миң баш бодо мал сыртка сатылган. Алардын 121,6 миңи же 78 пайызы Өзбекстанга, 14 пайызы Арменияга чыгарылып кеткен. Мындан тышкары дээрлик 264 миң кой сыртка экспорттолсо, анын 76 пайызы Өзбекстанга, 8,1 пайызы Орусияга, 6,7 пайызы Азербайжанга жана 4,5 пайызы Иранга туура келген.

Количество просмотров: 44