• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда январь окуялары боюнча 243 киши соттолду

26 Чын куран 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш иштери боюнча 243 киши соттолду. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Ведомсто канча адам түрмө жасасына кесилгенин айткан жок. Сотко 265 иш жөнөтүлгөн.

19-апрелде сот 214 кишиге өкүм чыгарганы белгилүү болгон, алардын ичинен 20 адам түрмөге кесилген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 25-апрелге карата 585 киши шектүү катары камакта отурат, тергөөнүн версиясы боюнча алар имараттарды талкалоо, өрттөө, курал-жарак уурдоо, мамлекеттик объектилерге жана күч түзүм кызматкерлерине кол салуу иштерине активдүү катышкан.

Башкы прокуратуранын өкүлү Елдос Килымжанов Алматы аэропортундагы кол салуу окуясына кеңири токтолду.

“2022-жылы 5-январда “Н” аттуу жаран топ киши менен Алматы шаарындагы аэропорттун учуп-конуу жолунун жарыгын өчүргөн. “Н” өзүнүн аракети менен стартегиялык объектинин кызматын токтоткон, натыйжада учактар жүргүнчүлөр менен учуп кете албай калышкан жана токтон ажыратылган учуу-конуу жолунда он саат аралык турууга мажбур болушкан. Ошол маалда куралдуу топ Алматы аэропортунун имаратын талкалап, талоончулук жасаган», — деди Килымжанов.

Шектүүгө карата “терроризм актысы” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Казакстандын көзөмөл органы билдиргендей, 25-апрелге карата январь окуялары боюнча 5 041 иши тергелүүдө, анын ичинен 49 иш жапырт башаламандык, 45 иш терроризм актысы боюнча каралууда.

Количество просмотров: 62