• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда Январь окуялары боюнча 717 киши соттолду

29 Теке 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Январь окуяларындагы «жапырт башаламандыктарга» катышууга, «уурулук кылууга», «курал-жарак сактоого жана алып жүрүүгө» айыпталган 717 киши соттолду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жыйынында айтылды.

Азырынча 717 кишинин канчасына карата түрмөгө камоо жазасы чыкканы белгисиз. 18-июлда Башкы прокуратура Январь окуяларына байланышкан иштер боюнча 83 киши эркинен ажыратылганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, алар бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу жана мүлктөрдү жок кылуу сыяктуу оор кылмыштарды жасаган.

Бүгүнкү күндө Январь окуяларына байланыштуу козголгон дагы 474 кылмыш иши сотто экени белгилүү.

18-июлга карата атайын прокурорлордун өндүрүшүндө «жапырт башаламандык» боюнча 53, «терроризм актысы» боюнча 32 кылмыш иши бар экени кабарланган.

Башкы прокуратура 1077 кишиге карата негизсиз козголгон кылмыш иштери токтотулганын, убактылуу кармоочу жайлар менен кызматтык имараттардан 512 киши бошотулганын билдирди.

Буга чейин Январь окуялары маалында каза болгондордун жакындары Нур-Султан шаарына чогулуп, бир нече күн Акордо имаратынын жанына түнөшкөн. Алар жакындарынын өлүмүн калыс тергөөнү жана аларга тагылган айыптоолорду алууну талап кылышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда Маңгыстау облусунда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Расмий статистикада январь окуялары маалында 232 кишинин мерт кеткени, алты кишинин кыйноолордон каза тапканы айтылып жүрөт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин кан төгүүнү адилет, ачык-айкын териштирүүгө, ал ишке чет жактан келген эксперттерди тартууга үндөп келатат. Бирок Нур-Султан ал сунуштан баш тарткан.

Количество просмотров: 167