• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда Январь окуялары боюнча камакка алынган жаран ачкачылык жарыялады

3 Баш оона 2022 15:38 Бишкек Govori.TV

Январь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган 31 жаштагы Нурсултан Исаев 2-августта Актөбө шаарындагы тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жубайы Аида Хазеева билдирди.

Маалыматты Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жазаларды аткаруу системасынын комитети да ырастады.

Мекеменин билдирүүсүндө Исаевдин жазаларды аткаруу системасына эч кандай дооматы жок экени, ал «тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп жатканы» белгиленген. Мындан тышкары ал учурда абактагы дарыгерлердин көзөмөлүндө экени жазылган.

2-августта Аида Хазеева Актөбө облустук прокуратурасына арыз жазып, күйөөсүнүн ишин башка беренеге алмаштырууну жана акыйкат тергөө жүргүзүүнү өтүнгөн. Азырынча прокуратура бул арызга жооп бере элек.

Хазееванын айтымында, Нурсултан Исаев 5-январда достору менен шаардын борбордук аянтына барган. Полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп, демонстранттарды желим ок менен ата баштаганда ал автоунаасын аянттан айдап чыгууга аракет кылган.

«Тергөөчүлөр күйөөм автоунаасы менен атайылап полиция кызматкерлерин сүзүп кеткен деп айтып жатышат. Бирок андай эмес. Нурсултан аянттан кетейин деп жатканда маңдайындагы айнегине ок тийген. Ал атылып жаткан октон коргонуу үчүн эңкейип алган, газды басканда алдындагы кишилерди көрбөй калган”, – деди Хазеева.

Анын айтымында, күйөөсү үй-бүлөсүн жана ата-энесин багуу үчүн Орусияда катталган ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү автоунаа менен эл ташып иштейт. Анын атасы майып, энеси пенсияда.

Январь окуяларынан кийин Актөбө полициясы көчөдөгү көзөмөл камераларынан алынган видеону жарыялаган. Анда автоунаа полиция кызматкерлерин сүзүп кеткен учур тартылган. Маалыматка караганда, анда жараат алган үч полиция кызматкери учурда иштеп жүрүшөт.

Тергөө органдары Исаевди «Бийлик өкүлүнө карата атайылап зомбулук көрсөтүү» жана «Жапырт башаламандыкка катышуу» беренелери боюнча айыптоодо. Ал 11-январда кармалып, алгачкы көрсөтмөлөрүндө күнөөнү мойнуна алып, бирок кийин ал сөздөрүнөн кайра баш тарткан.

Хазеева күйөөсү кармалгандан кийин сабалып, кыйноого алынганын билдирүүдө.

Актөбө облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, Январь окуяларынан кийин 12 кишиге каршы кылмыш иши козголуп, алар камакка алынган. Мындан тышкары кармалган дагы сегиз актөбөлүк тургун үй камагына чыгарылган. Эки иш «Терроризм актысы» боюнча тергелүүдө. Шектүүлөрдүн көбү «Жапырт башаламандыкка катышуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Количество просмотров: 101