• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда январь окуяларынан кийин кармалган 16 киши ачкачылык жарыялады

8 Чын куран 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстанда январь окуяларынан кийин камакка алынган 16 жаран ачкачылык жарыялады. Адвокаттардын айтымында, Өскемен шаарындагы абакта отургандардын ачкачылык акциясына тергөө мөөнөтүнүн жана алардын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылганы себеп болду.

«Жапырт башаламандыктарга катышууга шектелип кармалган 16 жаран 6-апрелден бери ачкачылык кармап жатышат. Алар Чыгыш Казакстан облусунун прокуроруна арыз жазышты», — деп билдирген адвокат Анара Кусаинова.

Анын билдиришинче, ачкачылык кармап жаткан жарандар тергөө иштерин жана соттук териштирүүлөрдү адилет жүргүзүүнү, ошондой эле баш коргоо чараларын камакка алуудан башкага өзгөртүүнү талап кылууда.

Өскемендеги түзөтүү абагынан ал жайдагы камактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалыматтары жок экенин билдиришти.

Казакстанда январь окуялары маалында жана андан кийин миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши «терроризм», «жапырт башаламандык», «курал-жарак уурдоо» сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Алардын көбү камакта катаал кыйноолорго кабылганын айтышкан. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тергөө абактарындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Количество просмотров: 88