Казакстандын бийлиги өзгөчө абал режимин апрелдин аягына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, 10-апрель күнү президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өзгөчө абал режими боюнча Мамлекеттик комиссиянын онлайн жыйыны болуп өттү.
«15-апрелде өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгым аягына чыгат. Бирок учурдагы абалыбыз режимди жок дегенде апрелдин аягына чейин узартуу керектигин көрсөтүп турат», — деди Токаев.
Президент белгилегендей, Казакстанда коронавирус эпидемиясы басаңдай элек.