Казакстанда коронавирустан улам Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад токтотулат. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз катчысы Берик Уали фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
«Өпкөнү сезгентүүчү вируска байланыштуу Касым Жомарт Токаев Нооруз майрамын жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып борборубузда уюштурула турган аскердик парадды токтотуу чечимин кабыл алды», — деп жазган басма сөз катчы.
Мындан тышкары, 16-марттан баштап Казакстанда окуучулар коронавирус чуусунан улам убагынан эрте каникулга тарашат. Ал эми жогорку окуу жайлары 15-марттан баштап онлайн окутууга өтө тургандыгы айтылууда.