• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда жумушсуз жарандар нааразылык акциясын токтотту

3 Чын куран 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

2-апрелге караган түнү Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жетыбай айылынын тургундары дээрлик алты күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясын токтотушту.

Интернетке жарыяланган видеодо акция катышуучуларынын бири алардын талаптары аткарыла тургандыгы жөнүндөгү кагазга кол коюлганын билдирди. Айылдын жумушсуз тургундары өткөн аптанын башынан бери жакын жердеги кенди иштеткен «Маңгыстаумунайгаз» компаниясына же ага кызмат көрсөткөн ишканаларга ишке орноштурууну талап кылып жатышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1-апрелде алар облус акими Нурлан Ногаев менен келишим түздү. Акимчилик жумушсуздарды ишке орноштуруу аракети уланарын билдирди.

Жетыбайдын 100 чакты жашоочусу катышкан акциянын жүрүшүндө биринчи күнү мунай кенине кеткен жол тосулуп, 14 киши ачкачылык жарыялаган. Бийлик алардын акциясын мыйзамсыз деп атап, административдик укук бузулду деп активисттерге полиция бөлүмүнө чакыруу кагаздарын тапшыруу аракети көрүлгөн.

Айылдыктар президент Касым-Жомарт Токаевге жана облус акими Ногаевге кайрылуу жасап, ишке орношуу маселесине кийлигишүүнү өтүнгөн. Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучуларын куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Количество просмотров: 45