Актаудагы учак кырсыгынын кесепетинен ооруканага түшкөн 29 адамдын экөө Кыргызстандын жараны. Муну Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесинен көрүүгө болот.
Ал эми үчүнчү кыргыз жараны боюнча азырынча расмий маалымат жок.


Эске салсак, Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде учак кулап түштү. “Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, учак Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан.
Азербайжан Республикасынын ӨКМинин алдын ала берген маалыматында учакта, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жараны, Кыргызстандын 3 жараны болгон.