Бүгүн, 25-декабрда Казакстандагы Актау аэропортунун жанына жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу «Tengri.news» жазды.
Маалыматка ылайык, «Azerbaijan Airlines» компаниясына тиешелүү «Эмбрайр190» учагы Баку шаарынан Грозный шаарына учуп бара жаткан. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до «Казаэронавигацияга» экипаждан учакты башкарууда меселе жаралганы тууралуу билдирүү түшүп, авариялык конуу жасоого уруксат суралган.
Учактын бортунда 67 адам жана экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалды. Ал эми 12 адам аман калып, оорукага жиберилгени кошумчаланды.
Baza телеграм каналы жүргүнчүлөрдүн көбү Азербайжандын жарандары экенин, андан сырткары учакта Орусиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары да бар экенин кабарлоодо.
Жеринде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 54 куткаруу тобу иш алып барууда.