• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстандын банктары орусиялыктарга карта берүү шартын катаалдаштырды

25 Бугу 2022 15:54 Бишкек Govori.TV

Казакстандын банктары санкция коркунучуна байланыштуу орусиялыктар үчүн төлөм картасын берүү тартибин катаалдаштырат.

Айрым банктар орусиялыктардан иштеген жеринен маалымкат жана ыктыяркат (Казакстанда туруктуу жашаган чет элдик жарандарга берилген документ) талап кыла баштады. КТК телеканалы каржы мекемелери карталарды көзөмөлсүз таратуу менен санкцияга тушугуп калуудан коркуп жатышканын кабарлады.

Телесюжетте Казакстандагы орусиялыктардын бири банктын колл-борборунан жаңы эреженин киргизилгенине бир ай болгонун жана ал бардык чет өлкөлүктөр үчүн бирдей экенин айтышканын билдирген.

Бул арада Казакстандын Улуттук банкы резидент эместерден эмгек келишими же туруктуу жашаганы жөнүндө маалымкат талап кылган мыйзам жок экенин кабарлады. Ошол эле маалда документтерди суроого да тыюу салынган эмес.

8-апрелде казак бийлиги 2022-жылдын 24-февралынан бери казакстандык банктарда Орусия жана Беларус резиденттери – физикалык жактар 12 миң эсеп ачканын кабарлаган. Жума башында Орусия банктарынын Казакстандагы өкүлчүлүктөрүндөгү 9,2 миллиард тенге тоңдурулганы маалым болгон.

Количество просмотров: 76