• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Казакстандын Маалымат министрлиги TikTok’ту бөгөттөө маселеси каралып жатканын ырастады

24 Чын куран 2024 17:51 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Маалымат министрлиги өлкөдө TikTok’ту бөгөттөө маселеси каралып жатканын ырастады.

Министр Аида Балаева TikTok’тун ыктымал бөгөттөлүшүн балдарды коргоо зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

«Министр катары айтайын, бул маселе каралышы керек. Анткени анда ачык эле уят сөздөр айтылып, аларды балдар көрүп жатышат», – деди Балаева.

TikTok’тун популярдуулугу казак парламентинин депутаттарын да кабатыр кылууда. «Аманат» фракциясынын мүчөсү Ерлан Саиров акыркы эки жылдын ичинде эле бул социалдык түйүнгө 14 миллиондон ашык казакстандык катталганын белгиледи. Анын айтымында, TikTok «билим алып, өнүгүп, кыймылда болушу керек болгон» балдарды «алтын балалыгынан» ажыратууда.

Өз контентинин көбүн TikTok’ко жайгаштырган блогер Митя Байназаров социалдык түйүндү бөгөттөө демилгеси балдардын кызыкчылыгын коргоо үчүн көтөрүлгөн жок деп эсептейт.

«Бул кимге пайдалуу экенин карап көргүлө. TikTok өтө популярдуу түйүн жана аны көп киши көрөт. Мурда кыска видеолор жаштар үчүн гана кызык болсо, азыр чоң кишилер да көп кирип жатышат. Ошондуктан ал жакта нааразылар көп. Анан албетте бул биздин бийликке жакпайт, алар үчүн TikTok бөгөттөлсө жакшы болот», – деди блогер.

Теги:
Количество просмотров: 82