• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынды

6 Үчтүн айы 202219:35 Бишкек Govori.TV

Казакстандын аймагына чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул маалыматты «РИА Новости» Казакстандын Ташкенттеги элчилигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен жарыялады.

«Өлкө аймагында өзгөчө абал режими жарыяланганына байланыштуу чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө чектөө киргизилди. Мындай чектөө жөө өткөндөргө, транспорт менен жана аба каттамы менен жүргөндөргө да тиешелүү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал режими бар.

Количество просмотров: 189