• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казино мыйзамына кайсы депутат кандай добуш берди? (видео)

24 Кулжа 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Деген менен мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ача пикир жаратып, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартышкан.

Жыйынтыгында төрага Талант Мамытов көчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Мыйзам долбоору бир нече жолу добушка коюлуп, ага 58 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берди. Ар эми добуш бербеген депутаттардын компьютерлери жабылганын төрага Мамытов билдирди.

23-июнда жарандык активисттер парламент алдына кумарканалар мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыкты.

Белгилей кетсек, казинону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика министрлиги. Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Буга чейин президент Садыр Жапаров казинолорду ачуу демилгеси боюнча түшүндүрмө берип, мамлекет Кыргызстандын жарандарынын казиного кирбешине 100% кепилдик берерине сөз берген.

Количество просмотров: 246