• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Татарстандын депутаттары мигранттардын балдарын мектепке албоо мыйзамына каршы чыгышты

2 Бештин айы 202411:53 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 25-ноябрында Россиянын Мамдумасынын төрагасы В. Володин орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбасын деген мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул долбоор 10-декабрда биринчи окууда каралат.

Ал эми Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин жыйынында мигранттардын балдарын мектепке кабыл албоо тууралуу жогорудагы федералдык мыйзам долбоорун колдобой турган болушту. Мамлекеттик кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы добуш беришти.

Мамкеңештин төрагасы Фарид Мухаметшин эгерде мигранттардын балдары мектепте окубаса билими жок көчөдө каларын айтса, Россиянын баатыры, Татарстандын депутаты Расим Басиков мигранттардын балдарын мектепке кабыл албоо маселени чечпей эле тескерисинче, тереңдете тургандыгын айтты. «Эгер бала орусча билбесе, анан дагы мектепке барбаса, ал орус тилин кайдан үйрөнөт?» деди ал.

Мамкеңештин төрагасы: «Биз мигранттарга абдан муктажпыз. Ишканаларда, өндүрүштөрдө, өлкөбүздүн экономикасынын бардык тармагында жумушчу күчү, адистер абдан зарыл. Бирок бул ишти системага салуу гана керек» деди.

Количество просмотров: 124