Буга чейин министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов «Номад» телеканалына курган маегинде өлкөдөгү билим берүү боюнча суроого жооп берип, азыр мектептер терең кризисте экенин, мугалимдер өзгөрүшү керектигин айткан. Ал “алсыз звено” делген 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды жумуштан кетирүү тууралуу министр Догдургүл Кендирбаева менен сүйлөшкөнүн билдирди.
Анын бул пикирин коомдо талкууга түшкөн. Көп өтпөй ага жаш мугалим Адил Какенов кайрылуу жасап Байсаловдон кечирим суроону талап кылган.
Мугалимдин кайрылуусуна Эдил Байсалов жооп берип, ал мугалимдердин беделин түшүрбөгөнүн тескерисинче аларды коргоп жатканын айтты.