Орусиянын Кемеров шаарындагы трамвай кырсыгында жабыркаган 102 кишинин 78и ооруканага жаткырылды. Алардын арасында беш бала бар. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди.
Буга чейин Кемеров шаарынын башчысы Дмитрий Анисимов жаракат алгандардын бири ооруканада каза болгонун кабарлаган. Анын айтымында, дагы үч кишинин абалы оор, экөө реанимация бөлүмүндө жатат.
6-июнь күнү эртең менен айдоочу трамвайды башкара албай калып, ал ылдыйышты көздөй катуу ылдамдыкта жүрүп кеткен. Чукул кайрылышта жүргүнчүлөрдүн айрымдары жерге кулап, жыйынтыгында вагон дагы бир трамвайга барып сүзүлгөн. Болжолдуу версияга ылайык, кырсыкка трамвайдын тормоздук системасы иштебей калганы себеп болгон.