• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Кепшн видео: Элди эки анжы кылган эмдөө

29 марта 2021 в 17:15 Бишкек Govori.TV
  • Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө бүгүн башталды.
  • Биринчи этапта Кытайдын SinoPharm вакцинасы пайдаланылат. Бул үчүн Кытайдан 150 миң доза вакцина келген.
  • Алгач эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.
  • Биринчи дарыгерлер, мугалимдер жана күч органдарынын кызматкерлери эмделет.
  • Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп коронавируска каршы эмделди.
  • Деген менен вакцинадан кооптонгондор дагы бар.
  • Калаа тургундары Кытайдан келген вакцинага анча ишенбей тургандыктарын жашырган жок.
  • Ошол эле учурда таажы илдетине каршы дүйнөлүк лидерлер эмдөөдөн өтүп жатат.
  • Алсак, Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмделди.
  • Бирок Путин кайсы вакцина менен эмделгени жөнүндө так айтылган жок.
  • Ал эми Президент Садыр Жапаровдун коронавируска каршы эмделбей турганы айтылды.
  • 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.
Количество просмотров: 711