• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кепшн видео: Гендердик зомбулукка каршы Борбор Азиядагы 5 өлкө бирикти…

29 Кулжа 2023 19:09 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия өлкөлөрү гендердик зомбулукту токтотуу боюнча Альянс түзүп, бирге иш алып барышат.

Альянс Европа Биримдигинин колдоосу менен БУУнун “Жарык нуру” демилгесинин алкагында ишке кирүүдө.

БУУнун маалыматы боюнча, Борбор Азиядагы ар бир үчүнчү аял жашоосунун кайсы бир мезгилинде зордук-зомбулукка кабылган.

Альянстын максаты — Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү 35 миллионго жакын аялдардын жана кыздардын жашоосун оорлоткон гендердик зомбулукту азайтуу.

Альянс жарандык коомду чыңдоо жана аймактагы гендердик зомбулуктун алдын алуу, жоюу үчүн билим, тажрыйба алмашуу платформасын түзөт.

Альянстын катарына кирген Кыргызстан да зомбулук менен күрөшүүдө өз салымын кошууга даяр.

Белгилей кетсек, бирикменин расмий иш баштоосуна арналган иш-чара Алматы шаарында өттү.

Ага Евробиримдиктин, БУУнун, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, жарандык коомдун жана жаштар бирикмелеринен турган 70тен ашык өкүл чогулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар өлкөдөн келген катышуучулар өз тажырыйбалары менен бөлүшүп, зомбулукка каршы күрөшүүдө туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

Количество просмотров: 2636