Кепшн видео: Соттор түн жамынып активисттер менен саясатчыларды камады
Кепшн видео: Соттор түн жамынып активисттер менен саясатчыларды камады
25 Тогуздун айы 2022 12:30 Бишкек Govori.TV
Жекшемби күнү массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары 20-декабрга чейин камалды. Мындай чечимди 25-октябра караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Чечим чыккандар:
Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
Экс-депутат Асия Сасыкбаева;
жарандык активист Али Шабдан;
жарандык активист Рита Карасартова;
саясат талдоочу Айданбек Акматов;
саясатчы Равшан Жээнбеков;
мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров;
активист Чыңгыз Капаров;
БДКнын мүчөсү Перизат Суранова;
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев;
активист Н.Асанбаев;
активист Эрлан Бекчоро уулу;
жарандык активист Айбек Бусурманкулов;
активист Таалайбек Мадаминов;
БДКнын мүчөсү Улукбек Маматаев;
БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова;