• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кербен мэриясы мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтиргени аныкталды

10 Жалган куран 202217:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад областынын Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кербен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпы 3 892 621 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, Кербен шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2015-жылдан баштап 2022-жылдын 1-февралына чейин Кербен шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн негизги белгиленген айлык маянага кошумча үстөк эмгек акысы мыйзамсыз бекитилип берилип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке жалпысынан 3 892 621 (үч миллион сегиз жүз миң токсон эки миң алты жүз жыйырмы бир) сом зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 141