• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кичи ажылыкка баруунун баасы канча?

3 Жетинин айы 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра ибадатын (кичи ажылык) уюштурууну баштады.

Муфтияттан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.

«Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Зыяратчылар төмөнкү телефон номерлер аркылуу толук маалымат ала алат: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.

Количество просмотров: 1000