• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

21 Бештин айы 202216:25 Бишкек Govori.TV

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев 26-27-декабрь күндөрү бейформал саммит өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

«Кийинки жумада Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ал биздин кызматташтыкка кошумча импульс берет деп үмүттөнөбүз», – деди Лебедев.

Жаңы жылдын алдына КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Орусияга чакыруу – бул саясий уюмда маанилүү ролду ойногон орус президенти Владимир Путиндин көптөн берки келаткан салты.

Талдоочулардын пикиринде, Советтер Союзу таркагандан кийин түзүлгөн КМШнын курамына Москва менен стратегиялык кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ээ мурдагы советтик өлкөлөр кирет.

Количество просмотров: 110