• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстан: Депутаттар менен министрлердин айлыгы 5 жыл жогорулабайт

12 Үчтүн айы 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

11-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда министр, депутат жана аймак жетекчилеринин маянасын көбөйтүүгө 5 жылдык мораторий жарыялады.

Президент аткаминерлерге ансыз да жакшы төлөнүп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Токаев өз сөзүндө чиновниктерди эл менен сүйлөшүү шыктарынын жоктугуна айыптады. Анын айтмында, өкмөт мүчөлөрү ырааттуу түрдө облустарды кыдырып, облус башчылары эл менен дайыма жолугушууларды өткөрүп турушу керек.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев парламентте сүйлөп жатып мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевди сынга алган.

«Биринчи президенттин, «Элбасынын» арты менен өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон»,- деген Токаев.

Количество просмотров: 105