• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты

8 Бирдин айы 2023 17:36 Бишкек Govori.TV

ӨКМ өлкөдөгү алдыда күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу ыкчам билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 9-февралынан 11-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуу ашуусу ), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында, (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 2 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кошумчалангандай, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 517