• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

13 Бирдин айы 2023 15:06 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, алыс жолго аттанган айдоочуларды этият болууга чакырды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 14нөн 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Алсак, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – АК-ТАШ унаа жолунун 2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 137